# 33-берене. Өз пикирин билдирүү эркиндигин, сөз жана басма сөз, маалымат алуу жана жайылтуу эркиндигин кысымга алгандыгы үчүн жоопкерчилик

- Документ: [Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029991)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 6-августу № 188 "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 188
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029991/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5608/edition/35496/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029991/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө, 33-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029991/st-33

---

Өз пикирин билдирүү сөз эркиндиги жана басма сөз, маалымат алуу жана жайылтуу эркиндигин кысымга алуу, башкача айтканда, жеке жана юридикалык жактар, кызмат адамдары тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарынын уюштуруучуларынын, редакцияларынын, басып чыгаруучуларынын жана продукцияларды жайылтуучуларынын, ошондой эле журналисттердин мыйзамдуу ишине ар кандай тоскоолдук кылуу, анын ичинде төмөнкүлөр аркылуу:

1) цензура жүргүзүү;

2) редакциянын ишине кийлигишүү жана кесиптик өз алдынчалыгын бузуу;

3) жалпыга маалымдоо каражатынын ишин мыйзамсыз токтотуу же болбосо токтото туруу;

4) редакциянын маалыматты сурап алуу укугун бузуу;

5) тиражды же анын бир бөлүгүн мыйзамсыз алуу же болбосо жок кылуу;

6) журналистти маалыматты жайылтууга же жайылтуудан баш тартууга мажбурлоо;

7) мамлекеттик, коммерциялык же атайын мыйзам менен корголуучу башка сырды түзгөн маалыматтарды берүүнү кошпогондо, журналист менен байланышууга жана ага маалымат берүүгө чектөөлөрдү белгилөө;

8) журналисттин ушул Мыйзамда белгиленген укуктарын бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

---

Мурунку берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029991/st-32)  
Кийинки берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029991/st-34)
