# 3-берене. Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

- Документ: [Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029991)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 6-августу № 188 "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 188
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029991/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5608/edition/35496/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029991/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө, 3-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029991/st-3

---

1. Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден, ушул Мыйзамдан, "Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан жана аларга ылайык чыгарылуучу башка ченемдик укуктук актылардан турат.

2. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача белгиленбесе, чет өлкөлүк мамлекеттердин юридикалык жактары жана жарандары, ошондой эле жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары жана жарандары менен бирдей эле ушул Мыйзамда каралган укуктарды пайдаланат жана милдеттерди аткарат.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029991/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029991/st-4)
