# 25-берене. Маалымат берүүдөн баш тартуу

- Документ: [Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029991)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 6-августу № 188 "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 188
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029991/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5608/edition/35496/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029991/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө, 25-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029991/st-25

---

1. Эгер анда мамлекеттик, коммерциялык же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен атайын корголуучу башка сырды түзгөн маалыматтар камтылса, жалпыга маалымдоо каражатына суралган маалыматты берүүдөн баш тартуу мүмкүн. Баш тартуу жөнүндө билдирүү жазуу жүзүндө сурап алуу алынган күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө редакциянын өкүлүнө тапшырылат.

2. Кабарламада суралган маалыматтын берилиши мүмкүн болбогон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын тиешелүү ченемдерине шилтеме берүү менен жазуу жүзүндө жүйөлүү негиздеме көрсөтүлүүгө тийиш.

3. Суралган маалыматты берүүдөн баш тартуу жалпыга маалымдоо каражатынын өкүлү тарабынан "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029991/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029991/st-26)
