# 19-берене. Жалпыга маалымдоо каражатынын ишин токтотуу жана токтото туруу

- Документ: [Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029991)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 6-августу № 188 "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 188
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029991/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5608/edition/35496/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029991/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө, 19-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029991/st-19

---

1. Жалпыга маалымдоо каражатынын иши уюштуруучунун чечими боюнча же болбосо соттун чечими боюнча гана токтотулушу же токтотулуп турушу мүмкүн.

2. Жалпыга маалымдоо каражатынын ишин сот тарабынан токтотуу үчүн негиз болуп он эки айдын ичинде редакция тарабынан ушул Мыйзамдын 5-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарынын бир нече жолу (үчтөн ашык жолу) бузулуусу, аларга карата маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан уюштуруучуга жана (же) редакцияга (редакторго) жазуу жүзүндө эскертүүлөр берилип, алар аткарылбаган бузуулар саналат.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029991/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029991/st-20)
