# 18-берене. Жалпыга маалымдоо каражатынын редакциясынын статусу

- Документ: [Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029991)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 6-августу № 188 "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 188
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029991/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5608/edition/35496/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029991/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө, 18-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029991/st-18

---

1. Жалпыга маалымдоо каражатынын редакциясын өз ыйгарым укуктарын ушул Мыйзамдын, уставдын, уюштуруучу менен редакциянын (редактордун) ортосундагы келишимдин негизинде жүзөгө ашыруучу редактор жетектейт.

2. Редактор уюштуруучу, басып чыгаруучу, жайылтуучу, жарандар, жарандардын бирикмелери, ишканалар, мекемелер жана уюмдар, мамлекеттик органдар менен болгон мамилелерде, ошондой эле сотто редакциянын атынан чыгат. Ал жалпыга маалымдоо каражатынын ишине карата ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында коюлган талаптардын аткарылышы үчүн жоопкерчилик алат.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029991/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029991/st-19)
