# 15-берене. Жалпыга маалымдоо каражатын кайра каттоо

- Документ: [Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029991)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 6-августу № 188 "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 188
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029991/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5608/edition/35496/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029991/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө, 15-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029991/st-15

---

1. Жалпыга маалымдоо каражатынын уюштуруучусун алмаштыруу, уюштуруучулардын курамын, ошондой эле аталышын өзгөртүү аны кайра каттоо үчүн негиз болуп саналат.

Кайра каттоо жол-жобосунан өтүү убагында жалпыга маалымдоо каражатынын иши токтотулбайт.

2. Жалпыга маалымдоо каражатын кайра каттоо аны каттоо тартибиндегидей эле жүзөгө ашырылат.

3. Редакциянын жайгашкан жери, же болбосо Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармагындагы тармактык басылманын веб-сайтындагы домендик аты өзгөргөндө, уюштуруучу бир айдын ичинде бул тууралуу Кыргыз Республикасынын юстициясынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029991/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029991/st-16)
