# 14-берене. Жалпыга маалымдоо каражатын мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз берүү

- Документ: [Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029991)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 6-августу № 188 "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 188
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029991/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5608/edition/35496/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029991/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө, 14-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029991/st-14

---

Жалпыга маалымдоо каражатын каттоо жөнүндө арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) уюштуруучу/тең уюштуруучулар жөнүндө маалыматтар, эгерде бул жеке жак болсо - уюштуруучунун фамилиясы, аты, атасынын аты, же болбосо уюштуруучу юридикалык жак болсо - толук фирмалык аталышы, ошондой эле арыз ээсинин дареги;

2) жалпыга маалымдоо каражатынын аталышы;

3) редакциянын дареги;

4) жалпыга маалымдоо каражатынын түрү;

5) Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармагындагы веб-сайттын домендик аты, бар болгон учурда.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029991/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029991/st-15)
