# 13-берене. Жалпыга маалымдоо каражатын мамлекеттик каттоо

- Документ: [Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029991)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 6-августу № 188 "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 188
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029991/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5608/edition/35496/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029991/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө, 13-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029991/st-13

---

1. Ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, жалпыга маалымдоо каражаты өз ишин каттоо жөнүндө күбөлүктүн негизинде жүзөгө ашырат.

2. Кыргыз Республикасынын юстиция органдары тарабынан каттоо жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып жалпыга маалымдоо каражаты катталды деп эсептелет жана маалыматты жайылтуу укугуна ээ болот.

3. Кыргыз Республикасынын юстициясынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы Жалпыга маалымдоо каражаттарынын реестрин жүргүзөт.

4. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын реестринде камтылган маалымат жеке жана юридикалык жактар үчүн ачык жана жалпыга жеткиликтүү болуп саналат.

5. Жалпыга маалымдоо каражаттарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана каттоодон баш тартуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029991/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029991/st-14)
