# 10-берене. Жалпыга маалымдоо каражатынын редакциясы (редактору)

- Документ: [Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029991)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 6-августу № 188 "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 188
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029991/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5608/edition/35496/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029991/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө, 10-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029991/st-10

---

1. Жалпыга маалымдоо каражатынын өндүрүшүн жана чыгарууга (эфирге чыгарууну) даярдоону жүзөгө ашыруучу жалпыга маалымдоо каражатынын редакциясы (редактору) болуп жеке же юридикалык жак саналат.

2. Жалпыга маалымдоо каражатынын редакциясы (редактору) өз ишин ушул Мыйзамдын жана башка мыйзамдардын негизинде, ошондой эле уюмдун Уставынын, редакциялык саясатынын жана башка ички жоболордун негизинде жүзөгө ашырат.

3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларды кошпогондо, жалпыга маалымдоо каражатынын редакциясын ал четке каккан материалды ачыкка чыгарууга же болбосо жарыялоого милдеттендирүүгө эч кимдин укугу жок.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029991/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029991/st-11)
