20-берене. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштар
Күчүндө · 24.07.2025 редакциясы
Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин ченемдеринин жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын ортосунда келип чыккан карама-каршылыктарды жоюу зарыл болгон учурларда же болбосо эл аралык келишимдерди ишке ашыруу үчүн мыйзам же башка ченемдик укуктук актыны кабыл алуу зарыл болсо, Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрациялык ведомстволору, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте тиешелүүлүгүнө жараша Президентке же Министрлер Кабинетине алардын компетенциясынын чегинде киргизет.";
15) 22-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдер же алардын бөлүктөрү күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасы тарабынан эл аралык укуктун ченемдерине ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген бөлүгүндө убактылуу колдонулушу мүмкүн.";
16) 23-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- 1 жана 2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) тиешелүүлүгүнө жараша Президент же Министрлер Кабинети алардын компетенциясынын чегинде ушул Мыйзамдын 18-беренесине ылайык бекитилүүгө тийиш болгон убактылуу колдонуп жаткан мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимди бекитпөө жөнүндө биротоло чечим кабыл алса;
2) тиешелүүлүгүнө жараша Президент же Министрлер Кабинети өзүнүн компетенциясынын чегинде ушул Мыйзамдын 11-беренесине ылайык ратификацияланууга тийиш болгон мамлекеттер аралык же өкмөттөр аралык эл аралык келишимди ратификациялоо жөнүндө сунушту жактырбоо жөнүндө биротоло чечим кабыл алса;";
- 3-пунктта "Өкмөт тарабынан ратификациялоого киргизилген" деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чечимдер кабыл алынган учурда тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органы депозитарийге же эл аралык келишимди убактылуу колдонгон тараптарга тиешелүү билдирүү жиберет.";
17) 24-берененин 2-бөлүгүндө, 26-берененин 1-бөлүгүндө, 27-беренеде "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
18) 29-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"29-берене. Эл аралык келишимдердин түп нускаларын (күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн) сактоо
1. Кыргыз Республикасы түзгөн мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин (көп тараптуу эл аралык келишимдердин депозитарийлеринен алынган күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн), ошондой эле каттардын жана ноталардын (каттардын жана ноталардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн) түп нускаларын сактоо, эгерде көрсөтүлгөн эл аралык келишимдер каттарды же ноталарды алмашуу жолу менен түзүлсө, тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Кыргыз Республикасы түзгөн мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин (көп тараптуу эл аралык келишимдердин депозитарийлеринен алынган күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү), ошондой эле каттардын жана ноталардын (каттардын жана ноталардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү) түп нускалары, эгерде көрсөтүлгөн эл аралык келишимдер каттарды же ноталарды алмашуу жолу менен түзүлсө, аларга тиешелүүлүгүнө жараша кол коюлган же каттарды же ноталарды алмашуу аркылуу түзүлгөн күндөн (депозитарийден күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн алгандан) тартып эки жумалык мөөнөттө тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сактоого өткөрүлөт.
Эгерде көрсөтүлгөн эл аралык келишимдер каттарды же ноталарды алмашуу аркылуу түзүлгөн болсо, тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттер аралык же өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин (көп тараптуу эл аралык келишимдердин депозитарийлеринен алынган күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү), ошондой эле каттардын жана ноталардын (каттардын жана ноталардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү) түп нускалары келип түшкөн күндөн тартып бир айдын ичинде күбөлөндүрөт жана алардын көчүрмөлөрүн Кыргыз Республикасынын тиешелүү кызыкдар мамлекеттик органдарына жиберет.
3. Кыргыз Республикасы түзгөн ведомстволор аралык эл аралык келишимдердин түп нускалары (күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү) тиешелүү мамлекеттик органдарда ведомстволор аралык эл аралык келишимдерди сактоо үчүн арналган өзүнчө архивдерде туруктуу негизде сакталат.
Тиешелүү мамлекеттик органдар ведомстволор аралык эл аралык келишимдерге кол коюлган (ведомстволор аралык көп тараптуу эл аралык келишимдердин депозитарийлеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн алган) же каттарды алмашуу аркылуу аларды түзгөн күндөн тартып эки жуманын ичинде күбөлөндүрөт жана алардын көчүрмөлөрүн тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет.";
19) 30-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин күчүнө киргендиги жөнүндө, ошондой эле алардын колдонулушун токтото туруу же болбосо мындай келишимдерди денонсациялоо жөнүндө Жогорку Кеңешке, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, кызыкдар министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарына жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарына маалымдайт.";
20) 32-берененин 2-5-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин аткаруу боюнча чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат. Тиешелүүлүгүнө жараша Президент же Министрлер Кабинети алардын компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн жоопкерчилик жүктөлгөн министрликтерди, мамлекеттик комитеттерди, администрациялык ведомстволорду, Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттик органдарын, ошондой эле кызмат адамдарын аныктайт.
3. Тиешелүүлүгүнө жараша Президенттин же Министрлер Кабинетинин алардын компетенциясынын чегиндеги сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн жоопкерчилик атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарына жана мындай эл аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарына жүктөлөт.
4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары Кыргыз Республикасы тарабынан мындай эл аралык келишимдер боюнча кабыл алган милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылат, бул эл аралык келишимдерден келип чыккан Кыргыз Республикасына таандык укуктарды ишке ашырат, ошондой эле көрсөтүлгөн эл аралык келишимдер боюнча алардын милдеттенмелерин башка тараптар сактоосун жана аткаруусун байкоого алат.
5. Тиешелүүлүгүнө жараша Президент жана Министрлер Кабинети алардын компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери боюнча милдеттенмелердин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат.";
21) 33-берененин экинчи абзацында "кабыл алган мамлекеттик орган" деген сөздөр "кабыл алган кызмат адамы же мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
22) 34 жана 35-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"34-берене. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин сакталышын жана аткарылышын жалпы байкоого алуу Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин сакталышын жана аткарылышын жалпы байкоого алуу максатында тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден, администрациялык ведомстволордон, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарынан жана ушундай эл аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынан мындай эл аралык келишимдердин сакталышынын жана аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты сурап алууга укуктуу.
Берененин тексти 24.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029988/st-20" title="20-берене - Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>