Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кант шаардык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы № 271 “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө» токтому
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2- кезексиз сессия
2024-жылдын 3-декабры № 3/II-29
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы № 271 “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө
Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы № 271 “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында, Уюштуруу комитети тарабынан 2024-жылдын 30-сентябрында бекитилген III Элдик Курултайды уюштуруунун жана өткөрүүнүн календарлык планына ылайык КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Элдик Курултайга делегаттарды көрсөтүү боюнча Кант шаарынын жергиликтүү жамаатынын Элдик Курултайы 2024-жылдын 7-декабрында саат 14-00дө Кант ш. Куттубек Тагаев №19 дарегинде (Кант шаардык маданият үйүндө) өткөрүлсүн.
2. Бекитилсин:
- кезектеги III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттын өкүлчүлүктүү чогулушуна катышуучулардын нормасы - 200 адам;
- өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларын шайлоо боюнча чогулуштарды өткөрүү үчүн Кант шаарынын аймагын бөлүштүрүү ченемдери №1-тиркемеге ылайык;
- өкүлчүлүктүү чогулуштун катышуучуларын шайлоо боюнча жарандардын чогулуштарын өткөрүү графиги №2-тиркемеге ылайык;
- өкүлчүлүк жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы, №3-тиркемеге ылайык.
3. Өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топко:
- квота боюнча өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучуларды шайлоо үчүн чогулуштарды уюштуруу жана координациялоо боюнча иштерди жүргүзүү;
- өкүлдөр жыйыны болгон күнү катышуучуларды каттоо боюнча иштерди жүргүзүү;
- Уюштуруу комитети бекиткен үлгү боюнча жыйындардын жана жыйналыштардын протоколдорун даярдоону уюштуруу;
- өкүлчүлүк жыйынын өткөрүүнүн тартибин жана анын күн тартибин иштеп чыгуу;
- өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларынын сапаттык жана тармактык курамы жөнүндө маалыматты даярдоо;
- кезектеги III Элдик Курултайдын өкүлчүлүктүү жыйынынын катышуучуларынын жана делегаттарынын шайланган курамынын тармактык өкүлчүлүк принцибинин сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.
4. Кант шаарынын мэриясы кезектеги III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Кант шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлчүлүктүү чогулушун уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча көмөк көрсөтөт.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин төрагасы - М.Т. Бейшебаевге жана Кант шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарылары К.М.Курманалиевге, Б.С.Оморовго жүктөлсүн.
Төрага
М.Бейшебаев
Кант шаардык кеңешинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 4/XXIX-29-токтомунун №1-тиркемеси
Бөлүштүрүү ченемдери Өкүлчүлүктүү чогулуштун катышуучуларын шайлоо боюнча чогулуштарды өткөрүү үчүн Кант шаарынын аймактары
1. Кант шаары
Өтүүчү орду – Кант шаары, 2-к-р. дарегинде А.Тойтеев атындагы маданият сарайы. Жыйында кезектеги III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо үчүн жергиликтүү коомчулуктун өкүлчүлүк жыйынына катышууга 100 адам шайланат.
2. Кант шаары, Люксембург жана Киргшелк айылдары
Өтүүчү орду – Кант шаары, Тагаев көчөсү, Кант шаардык маданият үйү. Жыйында кезектеги III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо үчүн жергиликтүү коомчулуктун өкүлчүлүк жыйынына катышууга 100 адам шайланат.
Жооптуу катчы
Д.Байсалова
Кант шаардык кеңешинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 4/XXIX-29-токтомунун №2-тиркемеси
Кант шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлчүлүктүү чогулушуна катышуучуларды шайлоо боюнча чогулуштарды жана жарандардын чогулуштарын өткөрүү графиги
Кант шаары (Дворец Культуры им. А.Тойтеев атындагы Маданият сарайы) - 2024–жылдын 6-декабрында саат 10-00дө. Кант шаары (Шаардык Маданият үйү) - 2024 –жылдын 6-декабрында саат 14-00дө.
Жооптуу катчы
Д.Байсалова
Кант шаардык кеңешинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 4/XXIX-29-токтомунун №3-тиркемеси
Кант шаарында жергиликтүү жамаатынын өкүлчүлүктүү чогулушун уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы
1 М.Т.Бейшебаев –Кант шаардык кеңешинин төрагасы, жумушчу топтун төрагасы; 2 К.М. Курманалиев – Кант шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары, жумушчу топтун төрагасынын орун басары; 3 Б.С.Оморов - Кант шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары, жумушчу топтун төрагасынын орун басары; 4 Д.Ш.Байсалова – Кант шаардык кеңешинин жооптуу катчысы, жумушчу топтун катчысы; 5 Ж.Е.Молдокулова – Кант ш. мэриясынын иш кагаздарды жүргүзүү жана кадр маселелери боюнча башкы адиси; 6 Б.М.Токталиева– Кант ш. Мэриясынын соц.секторунун башчысы; 7 Л.В.Жукова- «Чайка» коомдук бирикмесинен.
Жооптуу катчы
Д.Байсалова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы ПЖ № 271 "Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 20.09.2024 · № 271 · Күчүн жоготкон