# Кант шаардык кеңешинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 19/III-29 "Кант шаарынын аймагындагы турак жайларга жана имараттарга салык чендерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кант шаардык кеңешинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 19/III-29 "Кант шаарынын аймагындагы турак жайларга жана имараттарга салык чендерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 19/III-29
- Кабыл алынган күнү: 05.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029953>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43466/edition/35449/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029953.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кант шаардык кеңешинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 19/III-29 "Кант шаарынын аймагындагы турак жайларга жана имараттарга салык чендерин бекитүү жөнүндө" токтому (05.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029953

---

КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 3-сессия

2025-жылдын 5-февралы № 19/III-29

Кант шаарынын аймагындагы турак жайларга жана имараттарга салык чендерин бекитүү жөнүндө

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34 жана 39-беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген 4-бер. 14-пунктун аткаруу, "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379, 380-беренелерине ылайык Кант шаарынын мэриясынын 30.01.2025-жылдагы №1/3 катынын негизинде Кант шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кант шаарында 2025-2027-жылдары колдонууга берилүүчү турак жайларга жана имараттарга салыктын чени 1 чарчы метрине 40 сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Кант шаарынын мэриясы Кант шаарынын калкына түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына (Коджакматов М.К.) жүктөлсүн.

Төрага

М.Бейшебаев
