# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 3034-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 3034-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3034-VII
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029939>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-16545/edition/35431/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029939.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 3034-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (24.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029939

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 24-апрели № 3034-VII

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин: "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Айыл Банк" ачык акционердик коому тарабынан фермерлерге жана ишкерлерге насыя берүү маселесин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө.

Төрага

Н. Тургунбек уулу
