Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кант шаардык кеңешинин «Кант шаардык кеңешинин 21.12.2011-ж.№ 205/XXVI-25- токтому менен бекитилген (Восточная көч. 47) «Кант шаарын өнүктүрүүнүн жана жерди пайдалануунун эрежелерине» өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 3-сессия
2025-жылдын 5-февралы № 10/III-29
Кант шаардык кеңешинин 21.12.2011-ж. № 205/XXVI-25- токтому менен бекитилген (Восточная көч. 47) «Кант шаарын өнүктүрүүнүн жана жерди пайдалануунун эрежелерине» өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Туруктуу комиссиялардын 23.01.2025-жылдагы кошмо жыйынынын чечимин, ошондой эле Кант шаарынын мэриясынын 23.01.2025-жылдагы №03-1/446 «Кант шаарын өнүктүрүү жана жер пайдалануу эрежелерине» өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу катын кароо менен КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаардык кеңешинин 2011-жылдын 21-ноябрындагы №205/XXVI-25 токтому менен бекитилген “Кант шаарын өнүктүрүүнүн жана жерди пайдалануунун эрежелеринин” 2-бөлүгүнүн 2.1-главасынын “Кант шаарынын зоналаштыруу картасы” 30-беренесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- Кант шаары, Восточная көчөсү - 47 дареги боюнча жайгашкан жер тилкесин «С-1» зонасынан (чоң жер тилкелери бар саламаттык сактоо, билим берүү, маданият, дене тарбия жана спорт объектилери) «Ж-1» зонасына (жеке менчик турак жай куруу зонасы) которууга уруксат берилсин.
2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин шаар куруу, өнөр жай, транспорт, коммуникациялар жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Т.Д.Ногоев) жүктөлсүн.
Төрага
М.Бейшебаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.