# 99-берене. Санарип реестрлерин жөнгө салуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-99>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-99.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 99-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-99

---

1. Ушул Кодекс эсепке алуунун төмөнкүдөй объекттерин пайдалануу укуктарынын таандыктыгын тастыктоочу санарип реестрлерин түзүүнү жана пайдаланууну жөнгө салат:

1) улуттук экотутумдун элементтерин;

2) радио жыштык спектрин;

3) номерлештирүүнү.

2. Кыргыз Республикасы төмөнкүлөрдүн ээси болуп саналат:

1) улуттук экотутумдун санарип реестринин;

2) санарип радио жыштык реестринин;

3) санарип номерлештирүү реестринин.

3. Кыргыз Республикасынын атынан улуттук экотутумдун санарип реестринин ээсинин укугун улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу жүзөгө ашырат. санарип радио жыштык реестринин жана санарип номерлештирүү реестринин ээсинин укугун - телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу жүзөгө ашырат.

4. Кыргыз Республикасы ээси болуп саналган санарип реестрлерине жазмаларды киргизүүнүн жана өзгөртүүнүн тартиби эл аралык келишимдердин жоболорун жана жалпы таанылган эл аралык практиканы эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленет.

5. Радио жыштык спектрин, номерлештирүүнү пайдалануучулар, улуттук экотутумдун ээлери (берүүчүлөр) тиешелүү санарип реестрлериндеги жазмалардын принципалдары болуп саналат.

---

Мурунку берене: [98-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-98)  
Кийинки берене: [100-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-100)
