# 97-берене. Мейкиндиктик жазмаларды иштеп чыгуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-97>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-97.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 97-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-97

---

1. Мейкиндиктик жазмаларды иштеп чыгууда алардын ээлери дайындардын принципалдарынын укуктарын, анын ичинде төмөнкүдөй укуктарын сактоого тийиш:

1) принципалдын ага тийиштүү мейкиндиктик метадайындарды алуу укугун;

2) принципалдын мындай дайындардын приципалына тийиштүү бөлүгүндө мейкиндиктик дайындарга, же ага таандык болгон мейкиндиктик объекттерге же санарип түзүлмөлөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү укугун;

3) мейкиндиктик дайындардын ээсинен принципалга тийиштүү болгон санарип жазмаларын, же болбосо аны менен байланышкан кандай болбосун идентификаторлорду алып салууну талап кылуу укугун.

2. Туунду мейкиндиктик дайындарды түзүү мейкиндиктик жазмалардын ээсинин мындай туунду мейкиндиктик дайындарды түзүү үчүн пайдаланган санарип жана башка укуктары сакталган шартта жүзөгө ашырылат.

3. Мейкиндиктик жазмаларды иштеп чыгуу мейкиндиктик дайындар тийиштүү болгон инфратүзүмгө карата укуктарга карабастан жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [96-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-96)  
Кийинки берене: [98-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-98)
