# 94-берене. Мейкиндиктик метадайындар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-94>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-94.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 94-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-94

---

1. Мейкиндиктик жазмаларды иштеп чыгуу, аларга жеткиликтүүлүк жана аларды таратуу мейкиндиктик метадайындардын негизинде жүзөгө ашырылат.

2. Эгерде мыйзамдарда башкача белгиленбесе, мейкиндиктик метадайындарга жеткиликтүүлүк чектелиши мүмкүн эмес.

3. Кыргыз Республикасында картографиялык-геодезиялык фонддордун ээлери өздөрүнө таандык фонддор жөнүндө мейкиндиктик метадайындарды ачык дайындар форматында түзүүгө жана жарыялоого, ошондой эле мейкиндиктик метадайындарды Кыргыз Республикасынын мейкиндиктик метадайындарынын улуттук ресурсуна киргизүү үчүн өткөрүп берүүгө милдеттүү.

4. Мейкиндиктик метадайындарга карата талаптар геодезия жана картография чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу боюнча иш-милдеттерди жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [93-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-93)  
Кийинки берене: [95-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-95)
