# 93-берене. Мейкиндиктик дайындарды иштеп чыгуу боюнча мамилелерди жөнгө салуунун тармактык принциптери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-93>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-93.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 93-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-93

---

1. Геодезиялык жана картографиялык иштин натыйжалары жана мейкиндиктик объекттердин жайгашкан жерлери жөнүндө башка дайындар санарип түзүлмөлөрүн пайдалануу менен алар иштеп чыгуу үчүн жарактуу таризге келтирилген учурда санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери тарабынан пайдаланылат (санариптештирүү принциби).

2. Мейкиндиктик дайындар Кыргыз Республикасынын инфратүзумүн өнүктүрүү, жаратылыш ресурстарын толуктоо жана аяр пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо үчүн негиз болуп саналат, бул толук, актуалдуу жана анык мейкиндиктик дайындарды иштеп чыгууну талап кылат (сапат принциби).

3. Мейкиндиктик дайындар санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери тарабынан бардык кызыкдар жактардын аларга жеткиликтүүлүгүнүн негизинде, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен иштелип чыгат (иштеп чыгууга биргеликте катышуу принциби).

4. Мейкиндиктик дайындарды иштеп чыгуу жеке жашоонун, турак жайдын кол тийбестигин бузушу, адамдын жүрүү эркиндигин чектеши мүмкүн эмес (жеке кол тийбестик принциби).

---

Мурунку берене: [92-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-92)  
Кийинки берене: [94-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-94)
