# 91-берене. Жеке дайындар болуп саналбаган жекече мүнөздөгү маалыматты иштеп чыгуунун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-91>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-91.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 91-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-91

---

1. Санарип дайындары болуп саналбаган жана санарип түзүлмөлөрүн пайдалануусуз иштелип чыккан жекече мүнөздөгү дайындар иштеп чыгуунун ушул Кодексте белгиленген принциптерин сактоо менен жана иштеп чыгуунун ушул Кодексте каралган негиздери болгондо гана иштелип чыгууга тийиш.

2. Эгерде жеке дайындардын субъекти тарабынан коюлган талаптарды ишке ашыруу үчүн жекече мүнөздөгү маалыматтын көчүрмөлөрүн кагазда даярдоо талап кылынса, жеке дайындардын субъекти мындай көчүрмөлөрдү даярдоонун наркын төлөөгө милдеттүү.

3. Жекече мүнөздөгү маалыматты камтыган материалдык алып жүрүүчүлөрдүн менчик ээси ушул Кодекстин жеке дайындарды коргоо боюнча талаптарын сактоого милдеттүү эмес, бирок мындай алып жүрүүчүлөргө жеткиликтүүлүктү чектөөгө жана мындай алып жүрүүчүлөрдүн жана аларга жеткиликтүүлүккө ээ болгон жактардын эсебин жүргүзүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [90-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-90)  
Кийинки берене: [92-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-92)
