# 88-берене. Жеке дайындарды коргоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-88>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-88.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 88-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-88

---

1. Жазмалардын ээси жеке дайындарды, жеке жазмаларды, жеке ресурстарды коргоону жүзөгө ашырууга милдеттүү.

2. Жазмалардын ээси жеке дайындарды иштеп чыгуунун жүрүшүндө санариптик туруктуулукту камсыз кылуу максатында:

1) санариптик технологиялык тутумдарды долбоорлоодо дайындарды конструктивдүү коргоону ишке ашырат;

2) жеке дайындар чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучунун сунуштамаларына ылайык жеке жазмалар менен операцияларды эсепке алууну жүргүзөт;

3) уюмдагы (жумушчуларынын саны ондон ашкан адам менен уюмдар үчүн) жеке дайындарды иштеп чыгууга уюмдун жумушчуларынын ичинен же келишимдин негизинде тартылуучу жоопкерчиликтүү адамды аныктайт;

4) жеке дайындарды иштеп чыгуу чөйрөсүндөгү эрежелерди жана сунуштамаларды жана аларды натыйжалуу колдонуу факторлорун окутууну уюштурат.

3. Министрлер Кабинети жеке дайындардын корголушунун белгиленген деңгээлдерине ылайык санариптик технологиялык тутумдарда иштеп чыгууда жеке дайындарды коргоо боюнча талаптарды белгилейт.

---

Мурунку берене: [87-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-87)  
Кийинки берене: [89-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-89)
