# 77-берене. Жеке дайындарды иштеп чыгууну укуктук жөнгө салуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-77>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-77.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 77-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-77

---

1. Ушул Кодекс жеке дайындарды, анын ичинде санарип жазмаларынын жана санарип ресурстардын курамында иштеп чыгуу боюнча кандай болбосун мамилелерге карата колдонулат. Ушул Кодексте жеке санарип дайындар болуп саналбаган жеке мүнөздөгү дайындарды иштеп чыгуунун өзгөчөлүктөрү каралган.

2. Ушул Кодекс жеке дайындарды жеке адам тарабынан анын жеке же үй-бүлөлүк иштерине байланыштуу гана иштеп чыгуу боюнча мамилелерге карата колдонулбайт.

3. Ушул Кодекске карама-каршы келген же белгиленген тартипте жарыяланбаган жеке дайындарды иштеп чыгууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар колдонулууга тийиш эмес.

---

Мурунку берене: [76-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-76)  
Кийинки берене: [78-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-78)
