# 76-берене. Санарип жазмаларын көчүрүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-76>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-76.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 76-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-76

---

1. Санарип жазмаларынын ээси дайындардын принципалынын ага тийиштүү жазмаларды башка ээлик кылуучуга көчүрүү жөнүндө талабын алган учурда төмөнкүдөй иш-аракеттердин бирин аткарууга милдеттүү:

1) мындай санарип жазмаларын талапта көрсөтүлгөн жаңы ээлик кылуучуга өткөрүп берүү;

2) дайындардын принципалына ага тийиштүү санарип жазмаларын аларды жаңы ээлик кылуучуга көчүрүүгө жол берген форматта өткөрүп берүү.

2. Жазмалардын ээси өткөрүп берүү үчүн форматты тандоодо санарип жазмаларынын сунушталган стандарттарын, жаңы ээси пайдаланган форматтар жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле дайындарды көчүрүү үчүн пайдаланылуучу жазмалардын форматы жөнүндө дайындардын ээсине жеткиликтүү болгон маалыматтарды, анын ичинде дайындардын принципалынын суроо-талабында көрсөтүлгөн дайындарды эске алууга тийиш.

3. Жазмаларды башка ээлик кылуучуга көчүрүү жөнүндө суроо-талап дайындардын принципалы менен келишимдин негизинде же дайындардын принципалынын ага тийиштүү дайындарды иштеп чыгууга макулдугунун негизинде иштелип чыгуучу жазмаларга гана тийиштүү болушу мүмкүн.

4. Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу санарип жазмаларынын жана алардын метадайындарынын форматтары, санарип жазмаларын көчүрүүнү камсыз кылууга багытталган техникалык жана (же) уюштуруучулук чечимдер жөнүндө сунуштарды иштеп чыгат жана өзүнүн сайтында жарыялайт.

---

Мурунку берене: [75-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-75)  
Кийинки берене: [77-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-77)
