# 67-берене. Санарип чөйрөсүндө талаш-тартыштарды кароо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-67>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-67.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 67-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-67

---

1. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын, кызмат адамдарынын санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттеринин укуктарын бузуучу чечимдери жана аракеттери (аракетсиздиги) административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

2. Санарип коомдоштуктарынын эрежелерин бузуу менен байланышкан талаш-тартыштар санарип коомдоштуктарынын эрежелери боюнча каралат, аларда төмөнкүлөр каралышы керек:

1) талаш-тартыш козгогон жактардын бардыгына билдирүү милдети жана аларга жана талаш-тартыштын маңызына тийиштүү бардык санарип жазмаларына жеткиликтүүлүк берүү милдети;

2) талаш-тартыш козгогон кайсы болбосун жактын ага коюлган дооматтардын маңызы тууралуу өзүнүн каршы пикирин айтуу же башка жолдор менен өз жүйөлөрүн келтирүү жана талаш-тартыштын маңызына байланыштуу далилдерди келтирүү мүмкүнчүлүгү;

3) талаш-тартышты маңызы боюнча, талаш-тартыштын тигил же бул жыйынтыгына кызыкдар болбогон жактын (көз карандысыз арбитрдин) кароосу, же болбосо эгерде санарип коомдоштуктарынын эрежелеринде каралса, санарип коомдоштуктарынын бардык катышуучуларынын добуш берүүсү аркылуу талаш-тартыш боюнча чечим кабыл алуусу.

3. Бул санарип коомдоштуктарынын эрежелерине ылайык санарип коомдоштугунун алкагында чыгарылган талаш-тартыш боюнча чечим санарип коомдоштугунун бардык катышуучулары үчүн милдеттүү. Санарип экотутумунун катышуучуларынын коомдоштугу чечимдердин санарип экотутумунун базасында аткарылышын камсыз кылат.

---

Мурунку берене: [66-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-66)  
Кийинки берене: [68-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-68)
