# 61-берене. Санарип жазмаларын таратууну жана санарип жазмаларына жеткиликтүүлүктү чектөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-61>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-61.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 61-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-61

---

1. Санарип жазмаларына жеткиликтүүлүк же аларды таратуу, мындай жазмалардын метадайындарына ылайык мыйзамдын негизинде төмөнкүдөй учурларда гана чектелиши мүмкүн:

1) эгерде жеткиликтүүлүктү чектөө санарип укуктарын жүзөгө ашыруу болуп саналса;

2) эгерде санарип жазмаларынын метадайындары алардын мыйзам менен корголуучу купуя сырларга киргизилгендигин көрсөтсө;

3) эгерде санарип жазмаларын таратууга же аларга жеткиликтүүлүк мыйзамга ылайык же соттун чечими менен тыюу салынса.

2. Киргизилген чектөөлөр санарип чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуу принциптерине шайкеш келиши керек. Санарип жазмаларына жеткиликтүүлүккө жана аларды таратууга карата негизсиз чектөөлөргө жол берилбейт.

3. Изилдөөчүлөр жана илимий уюмдар илимий, статистикалык же башка изилдөө максаттарында жеке дайындарды камтыган же мыйзам менен корголуучу купуя сырга киргизилген дайындарга алардын купуялуулугу камсыз кылынган шарттарда жетүүгө укуктуу болушат.

4. Ушул Кодекске ылайык жеке дайындарды камтыган же мыйзам менен корголуучу купуя сырга киргизилген санарип жазмаларына жеткиликтүүлүктү жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу жактар, анын ичинде илимий уюмдар, изилдөөчүлөр жана тармактык жөнгө салуучулар Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген мындай жетүүнүн тартибин сактоого милдеттүү.

5. Мыйзамга же жазмалардын ээсинин чечимине ылайык белгиленген жазмаларга жетүү мүмкүнчүлүгүн бузган жактар мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартылышат.

---

Мурунку берене: [60-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-60)  
Кийинки берене: [62-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-62)
