# 60-берене. Санарип жазмаларын таратуу жана аларга жеткиликтүүлүк

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-60>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-60.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 60-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-60

---

1. Санарип жазмаларын таратуу алардын ээсинин же санарип ресурсунун ээсинин демилгеси боюнча жүзөгө ашырылат. Санарип жазмаларына жеткиликтүүлүк пайдалануучунун демилгеси боюнча жүзөгө ашырылат.

2. Санарип жазмаларын таратуу ушул Кодексте белгиленген талаптар сакталганда эркин жүзөгө ашырылат. Санарип жазмаларына жеткиликтүүлүк тиешелүү санарип жазмаларынын ээси же санарип ресурсунун ээси тарабынан аныкталган шарттарда жүзөгө ашырылат.

3. Таратылуучу же пайдаланылуучу санарип жазмаларынын метадайындарында алардын ээси тууралуу, мындай жакты санариптик идентификациялоо үчүн же аны менен санарип чөйрөсүндө байланышуу мүмкүнчүлүгү үчүн жетиштүү тариздеги жана көлөмдөгү анык маалыматтар камтылышы керек.

4. Эгерде мыйзамда башкасы белгиленбесе, санарип жазмасын таратуучу жак пайдалануучуга санарип жазмаларын алуудан баш тартуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.

5. Санарип жазмаларын милдеттүү таратуу же аларга жетүү учурлары жана шарттары мыйзамда белгиленет.

---

Мурунку берене: [59-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-59)  
Кийинки берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-61)
