# 6-берене. Жалпы таанылган эл аралык тажрыйба

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 6-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-6

---

1. Эл аралык уюмдар, чет өлкөлөрдүн эксперттик коомдоштуктары тарабынан жарыяланган жана санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери тарабынан жигердүү колдонулуучу стандарттардын жоболору жана сунуштамалар жалпы таанылган эл аралык тажрыйбаны түзөт.

2. Ушул Кодексте каралган учурларда санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери санарип чөйрөсүндө өз укуктарын жүзөгө ашыруунун жана милдеттерин аткаруунун технологияларын же ыкмаларын тандоодо ушул Кодексте каралган тиешелүү чөйрөдөгү тармактык жөнгө салуучу тарабынан бекитилген жалпы таанылган эл аралык тажрыйбаны эске алат. Тармактык жөнгө салуучу тарабынан бекитилген жалпы таанылган эл аралык тажрыйба жок учурда санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери Кыргыз Республикасынын бекитилген стандарттарына жана ченемдик укуктук актыларына карама-каршы келбеген жалпы таанылган эл аралык тажрыйбаны эске алууга укуктуу.

3. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери тандап алынган технологиялар жалпы таанылган эл аралык тажрыйбага же жалпы таанылган эл аралык тажрыйбанын талаптарына эквиваленттүү болгон же андан жогору турган талаптарга ылайыктуулугун шайкештик декларациясын жарыялоо аркылуу берүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-7)
