# 59-берене. Жалпыга жеткиликтүү жана ачык дайындар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-59>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-59.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 59-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-59

---

1. Санарип дайындары интеллектуалдык менчик объекттерине өзгөчө укуктар, ошондой эле дайындардын айрым түрлөрүн таратууга, берүүгө, пайдаланууга, башка иштеп чыгууга же аларга жетүүгө карата мыйзамда белгиленген чектөөлөр сакталган шартта кайсы болбосун жактар тарабынан алардын каалоосу боюнча пайдаланылышы мүмкүн.

2. Санарип жазмалары, эгерде алардын метадайындарында мыйзамга, келишимге же ээлик кылуучунун чечимине ылайык аларга жеткиликтүүлүктү чектөөгө көрсөтмөлөр камтылбаса, жалпыга жеткиликтүү болуп саналат.

3. Санарип жазмаларынын ээси, муну санарип жазмаларынын метадайындарында көрсөтүп, өзүн дайындардын булагы катары көрсөтүү милдети менен санарип жазмаларын андан ары таратууну шарттоого укуктуу.

---

Мурунку берене: [58-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-58)  
Кийинки берене: [60-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-60)
