# 58-берене. Смарт-контракт

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-58>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-58.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 58-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-58

---

1. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери келишимдин негизинде ушул келишимдин шарттарынын бардыгын же бөлүгүн атайын программалоо тилинде код түрүндө баяндоого укуктуу, ал кийин тараптар менен макулдашылган, тиешелүү санарип дайындары менен тастыкталган (смарт-контракт) белгилүү шарттар келип чыкканда тараптардын катышуусуз аткарылат, бул тараптардын ортосунда мамилелердин пайда болуусуна, өзгөрүүсүнө же токтотулушуна алып келет.

2. Смарт-контрактты пайдалануу каралган келишим талаш-тартыш боюнча чечимди адам тарабынан кабыл алуусу каралган, тараптардын ортосундагы талаш-тартыштарды чечүүнүн эрежелерин камтышы керек.

3. Иштин айрым чөйрөлөрүндө смарт-контракттарды пайдаланууга карата талаптар ушул Кодексте жана виртуалдык активдер жөнүндө мыйзамдарда белгиленет.

---

Мурунку берене: [57-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-57)  
Кийинки берене: [59-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-59)
