# 57-берене. Санарип дайындарынын негизинде чечимдерди автоматтык түрдө кабыл алуунун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-57>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-57.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 57-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-57

---

1. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери санарип дайындарын иштеп чыгуунун натыйжалары укуктук мамилелердин пайда болуусу, өзгөрүүсү, токтотулушу адам катышпастан түзүлгөндөй жана пайдаланылгандай кылып санарип дайындарынын негизинде чечимдерди кабыл алууну автоматташтырууга укуктуу (автоматтык чечим).

2. Кызыкчылыктары принципалдар үчүн укуктук натыйжаларды пайда кылуучу автоматтык чечимдер менен козголгон же окшош түрдө ага олуттуу таасир этүүчү дайындардын принципалдары автоматтык чечимдерди пайдалануучу субъекттен төмөнкүлөрдү талап кылууга укуктуу:

1) ушул дайындардын принципалына карата автоматтык чечимдерди кабыл алууну токтотууну;

2) ушул дайындардын принципалына карата мурда кабыл алынган автоматтык чечимдерди адамдын катышуусу менен кайра карап чыгууну.

3. Автоматтык чечимдерди пайдалануучу санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти тиешелүү иш чөйрөлөрүндө автоматтык чечимдерди кабыл алууга карата ушул Кодексте белгиленген талаптарды аткарууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [56-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-56)  
Кийинки берене: [58-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-58)
