# 54-берене. Дайындардын принципалынын укуктарынын пайда болуусу, өзгөрүүсү, токтотулушу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-54>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-54.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 54-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-54

---

1. Дайындардын принципалынын укуктары аны менен жана ага тийиштүү дайындардын ортосунда байланыш болгонунан улам пайда болот.

2. Дайындардын принципалынын өз укуктарынын пайда болушу жана жүзөгө ашырылышы үчүн билдирүү, каттоо же башка иш-аракеттерди жасоо талап кылынбайт, бирок санарип жазмаларынын ээси дайындардын принципалынан мындай санарип жазмалары ушул принципалга тийиштүү экендигине далилдерди талап кылууга укуктуу.

3. Дайындардын принципалынын укуктары төмөнкүдөй учурларда токтотулат:

1) ушул принципалга таандык болгон санарип жазмалары жок кылынганда;

2) санарип жазмалары ушул санарип жазмалары менен ушул дайындардын принципалынын ортосундагы байланыш жок кылынгандай ээсиздендирилгенде.

---

Мурунку берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-53)  
Кийинки берене: [55-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-55)
