# 53-берене. Санарип укуктарынын пайда болуусу, өзгөрүүсү, токтотулушу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-53>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-53.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 53-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-53

---

1. Санарип укуктары ушул Кодексте каралган учурларда санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин тиешелүү объекти түзүлгөнүнөн же алынганынан улам пайда болот. Санарип укуктарынын пайда болушу үчүн каттоо же билдирүү, же болбосо башка аракеттерди жасоо талап кылынбайт.

2. Субъекттердин санарип чөйрөсүндө алар тарабынан түзүлгөн укуктук мамилелердин объекттерине болгон санарип укуктары бирдей же окшош объекттерди өз алдынча түзгөн бул субъекттердин ар бирине таандык. Ар түрдүү субъекттерге таандык санарип укуктарынын объекттеринин бирдейлиги же окшоштугу башка субъекттин санарип укуктарын бузуу болуп саналбайт.

3. Санарип укуктарынын таандыктыгы метадайындар, анын ичинде бөлүштүрүлгөн санарип ресурстарынын курамында камтылган метадайындар менен тастыкталышы мүмкүн. Санарип жазмаларына же санарип ресурстарына санарип укуктарынын таандыктыгы жөнүндө талаш-тартыш болгон учурда санарип укуктарынын болгондугун далилдөө милдети тиешелүү түрдө санарип жазмаларынын же санарип ресурстарынын ээсине жүктөлөт.

4. Санарип укуктарын, анын ичинде соттун чечиминин негизинде ажыратууда алар токтотулбастан, жаңы ээлик кылуучуга өтөт.

---

Мурунку берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-52)  
Кийинки берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-54)
