# 51-берене. Иденттүүлүккө укукту бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-51>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-51.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 51-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-51

---

1. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери алардын иденттүүлүккө укугу бузулган же мындай укукту коргоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган учурда, анын ичинде аларды укук ченемсиз санариптик идентификациялоо (санариптик аутентификациялоо), санариптик идентификациялоого (санариптик аутентификациялоого) мажбурлоо же санариптик идентификациялоодон (санариптик аутентификациялоодон) баш тартуу учурунда зыяндын (анын ичинде жеке жактарга келтирилген моралдык зыяндын) ордун толтуруп алуу укугуна ээ. Моралдык зыяндын ордун толтуруу санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти тарткан мүлктүк зыяндын жана чыгымдардын ордун толтурууга карабастан жүзөгө ашырылат.

2. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти мүлктүк зыяндын жана тарткан чыгымдардын ордун толтуруунун ордуна анын иденттүүлүккө укугун бузгандыгы үчүн бузуучудан компенсация төлөөнү талап кылууга укуктуу. Моралдык зыяндын орду жарандык мыйзамдарда каралган учурларда жана тартипте толтурулат.

3. Компенсациянын өлчөмү жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес болууга тийиш жана иденттүүлүккө укуктун бузулушунун мүнөзүнө жана узактыгына жараша сот тарабынан көбөйтүлүшү мүмкүн.

4. Ушул беренеде каралган талаптарды кароонун тартиби жарандык процесстик мыйзамдарда белгиленет.

---

Мурунку берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-50)  
Кийинки берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-52)
