# 50-берене. Жеке жазмаларды ээсиздендирүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-50>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-50.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 50-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-50

---

1. Идентификаторлорду камтыбаган санарип жазмалары ээсиздендирилген болуп саналат жана илимий, статистикалык жана башка изилдөөчүлүк максаттарда, аларды иштеп чыгууга дайындардын принципалынын макулдугусуз иштелип чыгышы мүмкүн. Жеке жазмаларды ээсиздендирүү жазмалардын ээси үчүн бул санарип жазмалары менен бул дайындардын принципалынын ортосундагы байланыш жок кылынгандай түрдө жүзөгө ашырылат.

2. Ээсиздендирилген жеке жазмаларды илимий, статистикалык жана башка изилдөөчүлүк максаттарда иштеп чыгуучу алардын ээси өзүнүн мыйзамдуу кызыкчылыгында аракеттенет деп эсептелет жана ушул Кодекстин жеке жазмаларды иштеп чыгууга тийиштүү талаптарын сактоого тийиш.

3. Дайындардын принципалы ушул Кодексте каралган өзүнүн укуктарын ишке ашыруу максатында жазмалардын ээсине тийиштүү ээсиздендирилген санарип жазмалары түздөн-түз ага тийиштүү экенин тастыктоочу маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-49)  
Кийинки берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-51)
