# 5-берене. Санарип кодекси жана санарип коомдоштуктарынын эрежелери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 5-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-5

---

1. Санарип коомдоштуктары санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери тарабынан алардын демилгеси боюнча жана ыктыярдуу башталышта түзүлөт. Санарип коомдоштуктары мыйзамдарда тыюу салынбаган кандай болбосун уюштуруу таризине жана башкаруу тартибине ээ болушу мүмкүн. Санарип коомдоштуктарынын катышуучусу болуп саналган укуктук мамилелердин субъекттери мындай коомдоштуктардын эрежелерин өз алдынча аныктайт. Кыргыз Республикасында мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары, жеке жана юридикалык жактар алар катышкан санарип коомдоштуктарынын эрежелерин аныктоодо Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ушул Кодексти жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алууга милдеттүү.

2. Санарип коомдоштуктарынын эрежелерин колдонууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү жана аны сактабагандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-6)
