# 43-берене. Идентификаторлорду санарип жазмаларында пайдалануу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 43-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-43

---

1. Санариптик идентификациялоо тутумунун эрежелерине ылайык идентификатор пайдаланылган санарип жазмасы төмөнкүдөй шарттардын бири аткарылганда өз колу менен кол коюлган кагаз алып жүрүүчүдөгү документке окшош санарип документи болуп эсептелет:

1) идентификатор санарип жазмасынын өзүндө камтылганда жана идентификатор тийиштүү болгон жактын макулдугун так көрсөткөн санариптик идентификациялоо тутумунун эрежелерине ылайык санарип жазмасын камтуу менен же ошондой жактын санарип жазмасынын мазмуну менен таанышканын так көрсөткөндө;

2) санариптик идентификациялоо тутумунун эрежелерине ылайык идентификаторду көрсөтүү санариптик идентификациялоо тутумун пайдалануу менен санарип жазмасын түзүүнүн зарыл шарты болгондо жана санарип жазмасынын метадайындарында санарип жазмасы түзүлгөн жактын атынан так көрсөтүүнү камтыганда.

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу үчүн, анын ичинде мамсервистерди алуу үчүн идентификаторлор Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Бирдиктүү идентификациялоо тутумунун эрежелерине ылайык пайдаланылууга тийиш.

3. Мыйзамда мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына санарип жазмасы түрүндө кайрылууга тыюу салынган учурларды кошпогондо, санарип документин түзүүчү кайрылуу жана ага тиркелген материалдар өз колу менен кол коюлган жана кагаз жүзүндөгү алып жүрүүчүдө берилген кайрылуу жана башка материалдар менен бирдей маанилүү сыяктуу таанылат.

---

Мурунку берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-42)  
Кийинки берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-44)
