# 42-берене. Санарип дайындарынын идентификаторлору жана булактары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-42>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-42.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 42-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-42

---

1. Идентификаторлор жана аларды камтыган санарип жазмалары Кодекстин ушул главасында каралган өзгөчөлүктөр менен жеке дайындар үчүн ушул Кодексте белгиленген эрежелер боюнча иштелип чыгат.

2. Кыргыз Республикасында уникалдуу ачык идентификаторлор болуп төмөнкүлөр саналат:

1) жеке жактар үчүн - жеке идентификациялык номер;

2) юридикалык жактар үчүн - салык төлөөчүнүн идентификациялык номери.

3. Уникалдуу ачык идентификаторлор ушул Кодекске ылайык иштелип чыгуучу жалпыга жеткиликтүү дайындар болуп саналат.

4. Санарип жазмасына кошуу үчүн идентификаторду тандоо төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:

1) дайындардын принципалы тарабынан - жазмалардын ээси ап жөнүндө дайындарды жыйнаганда;

2) жазмалардын ээси тарабынан - дайындарды жазмалардын ээси өзү түзгөндө, анын ичинде идентификаторлорду түзүүдө же ыйгарууда;

3) үчүнчү жак тарабынан - дайындарды жазмалардын ээси дайындардын принципалы болбогон жактан алганда.

5. Жазмалардын ээси санарип жазмаларында пайдаланылуучу идентификатордун уникалдуулугун камсыз кылууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-41)  
Кийинки берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-43)
