# 4-берене. Санарип кодекси жана башка ченемдик укуктук актылар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 4-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-4

---

1. Ушул Кодекс санарип чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салууда артыкчылыкка ээ. Башка мыйзамдардын жана аларга ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын санарип чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуу эрежелерин аныктоочу ченемдери ушул Кодекстин жоболоруна карама-каршы келиши мүмкүн эмес. Ушул Кодекстин жана башка ченемдик укуктук актылардын ортосунда карама-каршылыктар келип чыккан учурда, ченемдик укуктук актылар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген коллизияларды чечүү жөнүндө эрежелерди эске алуу менен ушул Кодекстин ченемдери иштейт жана колдонулат.

2. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук жөнгө салуу маселелери боюнча ченемдик укуктук актылар ушул Кодексте түздөн-түз белгиленген учурларда гана колдонулушу мүмкүн.

3. Ушул Кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору ушул Кодексте белгиленген бардык деңгээлдерде санарип чөйрөсүнүн бирдиктүүлүгүн жана санарип чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуу принциптерине шайкештикти камсыз кылуу максатында координациялоочу орган менен милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш. Ушул Кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жылына бир жолудан көп эмес жол берилет.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-5)
