# 38-берене. Иштеп чыгуучу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 38-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-38

---

1. Иштеп чыгуучу санарип жазмаларын иштеп чыгууга, санариптик технологиялык тутумдарды эксплуатациялоого же санарип сервистерин берүүгө, ага тете санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объекттерине жеткиликтүүлүктү жүзөгө ашырууга тапшырма (иштеп чыгууга тапшырма) берген жактын кызыкчылыктарында аракеттенет.

2. Иштеп чыгуучуга өзүнүн кызыкчылыктарында иш-аракеттерди жүзөгө ашырууну тапшырган санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти иштеп чыгуучунун иш-аракеттери үчүн өзүнүн жеке иш-аракеттериндей жоопкерчилик тартат.

3. Иштеп чыгууга тапшырмада санарип жазмалары менен иш-аракеттердин (операциялардын) тизмеги, иштеп чыгуунун максаттары аныкталууга тийиш, иштеп чыгуучунун санарип жазмаларына, санариптик технологиялык тутумдарга же санарип сервистерине жеткиликтүүлүккө белгиленген чектөөлөрдү сактоого милдеттүүлүгү белгиленүүгө тийиш, ошондой эле ушул Кодекске ылайык санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объекттерин коргоону камсыз кылууга талаптар көрсөтүлүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-37)  
Кийинки берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-39)
