# 37-берене. Дайындардын принципалы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 37-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-37

---

1. Дайындардын принципалы ага тиешелүү санарип жазмаларына жетүү укугуна, ошондой эле мындай жазмаларга жеткиликтүүлүктүн жана санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин башка объекттеринин курамында аларды пайдалануунун эрежелерин аныктоого катышууга укуктуу. Дайындардын принципалынын укуктары бул санарип жазмаларына болгон укуктарга карабастан жүзөгө ашырылат жана корголот. Дайындардын принципалынын укуктары ажыратылгыс болуп саналат жана башка жактарга өткөрүп берилиши мүмкүн эмес. Дайындардын принципалынын укуктары мыйзамдын негизинде гана жана санарип чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуунун принциптерин эске алуу менен гана чектелиши мүмкүн.

2. Дайындардын принципалы ушул Кодексте каралган өз укуктарын ишке ашыруу максатында, тиешелүү санарип жазмалары ага гана тийиштүү экенин тастыктоочу маалыматтарды көрсөтүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-36)  
Кийинки берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-38)
