# 33-берене. Санарип сервисин берүүчү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 33-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-33

---

1. Эгерде ушул Кодексте башкача белгиленбесе, санарип сервисин берүүчү санарип сервисин пайдалануунун шарттарын өз алдынча аныктайт.

2. Санарип сервисин берүүчү өзүнүн сайтында же тиркемесинде санарип сервиси жөнүндө төмөнкүдөй метадайындарды жалпыга жеткиликтүү кылууга милдеттүү:

1) берүүчүнүн аталышын;

2) берүүчүнүн юридикалык дарегин;

3) берүүчүгө түз жана натыйжалуу кайрылууга мүмкүндүк түзгөн берүүчүнүн байланыш маалыматын;

4) берүүчүнүн мамлекеттик же ушундай коомдук реестрде катталгандыгы жөнүндө маалыматтарды, анын катталган номерин же бул реестрде идентификациялоонун эквиваленттүү каражатын;

5) санарип сервисине карата талаптарды белгилөөчү колдонуудагы мыйзамдарга шилтемени;

6) санарип сервисине кошулуу үчүн зарыл болгон чараларды;

7) санарип сервисин пайдаланууга болгон чектөөлөрдү.

---

Мурунку берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-32)  
Кийинки берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-34)
