# 28-берене. Санарип экотутумдары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 28-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-28

---

1. Санарип экотутумунун жана ага шайкеш келген санарип коомдоштугунун катышуучулары болуп санарип экотутумунун ээси, санарип ресурстарынын ээлери, санарип сервисин берүүчүлөр жана пайдалануучулар (керектөөчүлөр) саналат.

2. Санарип экотутумунун катышуучулары санарип экотутумунун эрежелерин аныктоого ушул Кодексте жана санарип экотутумунун эрежелеринде аныкталган тартипте катышуу укугуна ээ болот.

3. Тармактык жөнгө салуучулар жана тиешелүү чөйрөдө монополияга каршы жөнгө салууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары санарип экотутумдарында атаандаштыкты, анын ичинде төмөнкүлөр аркылуу коргоого жана өнүктүрүүгө багытталган чараларды көрөт:

1) санарип экотутумдарындагы атаандаштыктын абалын баалоо усулдугун иштеп чыгуу;

2) санарип экотутумдарынын ээлери тарабынан монополияга каршы мыйзамдардын талаптарын бузуу менен атаандаштыкты өнүктүрүүгө тоскоолдуктарды жараткан экономика тармактарында атаандаштыктын жалпы эрежелерин колдонуунун өзгөчөлүктөрүн аныктоо.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттары Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актылары менен ишке ашырылат.

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-29)
