# 27-берене. Санарип сервистери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 27-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-27

---

1. Санарип сервистерине пайдалануучулар үчүн жеткиликтүү болгон санариптик технологиялык тутумдарды төмөнкүдөй максаттарда пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү кирет:

1) санарип дайындарын түзүү, иштеп чыгуу, сактоо же аларга жетүү;

2) санарип дайындарын башка пайдалануучулар менен алмашуу, анын ичинде башка пайдалануучулар тарабынан жүктөлгөн же түзүлгөн санарип дайындарына жетүү жолу менен.

2. Санарип сервистерин берүү жана аларды пайдалануу санарип сервисин берүүчү тарабынан бекитилген эрежелерге ылайык жүзөгө ашырылат.

3. Мамсервистерге карата коюлуучу талаптар ушул Кодексте белгиленет.

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-28)
