# 23-берене. Өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууну өзгөртүү жана токтотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 23-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-23

---

1. Өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуу анын тараптарынын макулдашуусу боюнча, ал эми эгерде тараптар макулдашууга жетише албаса - тармактык жөнгө салуучунун же соттун чечими боюнча өзгөртүлөт же токтотулат.

2. Тараптардын макулдашуусу же өз ара аракеттенүүнү токтотуу жөнүндө чечим төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) өз ара аракеттенүүнүн натыйжасында түзүлгөн же өзгөртүлгөн санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объекттерине укуктардын (анын ичинде санарип укуктарынын) таандыктыгына көрсөтмөнү;

2) тараптардын өз ара аракеттенүүнүн натыйжасында түзүлгөн же өзгөртүлгөн санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объекттерине техникалык документтерди жана башка коштоочу материалдарды бири-бирине берүү боюнча милдеттерин;

3) өз ара аракеттенүүнү токтотуунун натыйжасында козголгон пайдалануучулар менен мамилелердеги укук улантуучулук тартибин.

3. Белгилүү бир мөөнөткө түзүлгөн өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуу ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган шарттарды камтууга тийиш.

4. Өз ара аракеттенүү токтотулгандан кийин тараптар дайындарды иштеп чыгууну, аларды иштеп чыгуу үчүн өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууга негиз болгон бөлүгүндө токтотууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-24)
