# 21-берене. Өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 21-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-21

---

1. Тараптардын төмөнкүдөй жааттарда кызматташуусу өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуунун предмети болуп саналат:

1) санарип дайындарын, жазмаларын жана документтерин иштеп чыгуу;

2) санарип ресурстарын, сайттарын жана тиркемелерин түзүү жана пайдалануу, ошондой эле аларга карата жеткиликтүүлүктү берүү;

3) санарип сервистерин, анын ичинде ишенимдүү сервистерди түзүү жана берүү;

4) тарамдар аралык кошулуу жана башка санариптик технологиялык тутумдарды пайдалануу менен өз ара аракеттенүү.

2. Эгерде ушул Кодексте же өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууда башкача белгиленбесе, тараптар өз ара аракеттенүүнүн натыйжаларына жетүүгө бирдей даражада катышат.

3. Эгерде өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууда тараптардын интеллектуалдык менчикти пайдалануу укугун берүү боюнча милдеттенмелери каралса, өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуунун шарттары жана аны түзүүнүн таризи лицензиялык келишимдерге коюлуучу жарандык мыйзамдардын талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.

4. Өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуунун тараптарды белгилүү бир иш-аракеттерден карманууга милдеттендирген шарттары монополияга каршы мыйзамдардын талаптарына карама-каршы келбөөгө тийиш.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-22)
