# 20-берене. Өз ара аракеттенүүнү жөнгө салуу принциптери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 20-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-20

---

1. Санарип чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүү алдын ала аныкталган, түшүнүктүү жана бир маанилүү эрежелерге таянууга тийиш (мамилелердин аныктыгынын принциби).

2. Санарип чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүнүн мөөнөтү ар бир катышуучуга мындай өз ара аракеттенүүнүн негизинде өзүнүн максаттарына жана милдеттерине жетүүгө мүмкүндүк берүүгө тийиш (өз ара аракеттенүүнүн узак мөөнөттүү мүнөзү принциби).

3. Санарип чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүү анын бардык катышуучулары үчүн, анын ичинде алар үчүн ал милдеттүү болуп саналгандар үчүн да пайдалуу болууга тий иш (өз ара пайда принциби).

4. Санарип чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүү жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин чектөө максатын көздөөгө же иш жүзүндө чектөөгө алып келүүгө тийиш эмес (укуктарды жана эркиндиктерди чектөөлөргө жол берилбестик принциби).

5. Санарип чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүү санарип чөйрөсүндөгү атаандаштыкты чектөө максатын көздөөгө же иш жүзүндө чектөөгө алып келүүгө тийиш эмес (атаандаштыкты чектөөлөргө жол берилбестик принциби).

6. Башка катышуучулар менен өз ара аракеттенүү алардын биринин да санариптик туруктуулугунун төмөндөшүнө алып келбөөгө тийиш (санариптик туруктуулукту сактоо принциби).

7. Санарип чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүнүн мүнөзү, эрежелери жана максаттары санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин калган субъекттери үчүн ачык жана жеткиликтүү болууга тийиш (өз ара аракеттенүүнүн транспаренттүүлүк принциби).

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-21)
