# 199-берене. Маалыматты санарип технологияларын пайдалануусуз иштеп чыгуу жана берүү боюнча мамилелерди жөнгө салуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-199>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-199.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 199-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-199

---

1. Тийиштүү ишти лицензиялоо учурларын кошпогондо, кабарламаларды санарип технологияларын пайдалануусуз берүү ушул Кодекс менен жөнгө салынбайт жана жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте түзүлгөн келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат.

2. Кабарламаларды санарип технологияларын пайдалануусуз берүү боюнча кызматтарды көрсөтүүчү жактар кат алышуунун, почта, телеграфтык жана башка кабарламалардын купуялыгын сактоого милдеттүү.

3. Эгерде ушул Кодексте каралган укуктук мамилелердин субъекттерине билдирүү боюнча милдетти аткарууну тийиштүү байланыш маалыматынын жоктугунан улам санарип технологияларын пайдалануу менен жүзөгө ашыруу мүмкүн болбосо, субъектке билдирүү ал өзү жеке кайрылганда ишке ашырылат.

4. Мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын санарип эмес жазмалар түрүндө берилген маалымат ресурстары (мамлекеттик же муниципалдык маалымат ресурстары) тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик же муниципалдык санарип ресурстарына кайра түзүлүүгө тийиш. Мамлекеттик жана муниципалдык маалымат ресурстарын санариптештирүү аяктаганга чейин аларда камтылган маалымат мамлекеттик жана муниципалдык санарип ресурстарында камтылган маалыматтай эле негиздерде жана ошол эле чектөөлөр менен пайдаланылат.

---

Мурунку берене: [198-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-198)  
Кийинки берене: [200-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-200)
