# 193-берене. Жасалма интеллект тутумдарынын кооптуулугун баалоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 23-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-193>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-193.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 193-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-193

---

1. Кыргыз Республикасында колдонулуучу бардык жасалма интеллект тутумдары аларды колдонуу корголуучу байлыктарга коркунуч жаратышы мүмкүн болгон кооптуулук боюнча бааланууга тийиш.

2. Кооптуулукту баалоо жасалма интеллект тутумунун ээси тарабынан төмөнкүдөй учурларда жүзөгө ашырылат:

1) жасалма интеллект тутумдарын долбоорлоо же ага өзгөртүүлөрдү пландоо этабында;

2) жасалма интеллект тутумун иштеп чыгуу аяктаганда же аны колдонуу же ага пландалган өзгөртүүлөр башталганга чейин;

3) жасалма интеллект тутумунун ээсине же пайдалануучуга белгилүү болуп калган жана анын кооптуулугун баалоонун жыйынтыгына таасир эте турган, жасалма интеллект тутумунда же аны колдонуу чөйрөсүндө орун алган ар кандай пландалбаган өзгөрүүдө.

3. Кооптуулукту баалоо жасалма интеллект тутумунун ээси тарабынан Министрлер Кабинети белгилеген талаптарга ылайык, жалпы таанылган дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен ал өз алдынча аныктаган усулдук боюнча жүзөгө ашырылат.

4. Мамлекеттик сырларга тиешелүү маалыматты кошпогондо, жасалма интеллект тутумунун кооптуулугун баалоонун жыйынтыктары жана баалоо усулдугу жасалма интеллект тутумунун ээсинин сайтында жөнөкөй жана жеке адамдарга түшүнүктүү таризде, ошондой эле ачык дайындар форматында жайгаштырылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [192-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-192)  
Кийинки берене: [194-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-194)
