# 19-берене. Санарип чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүнүн укуктук негиздери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 19-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-19

---

1. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери алар ээлери (берүүчүлөрү) болуп саналган санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объекттерин пайдалануу менен өз ара аракеттенүүгө укуктуу. Мыйзамда белгиленген учурларда санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери ушул Кодексте. ага ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актыларда же тийиштүү санарип коомдоштугунун эрежелеринде белгиленген тартипте өз ара аракеттенүүгө милдеттүү.

2. Санарип чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүү ачык, жекече-ачык же жеке болушу мүмкүн.

3. Эгерде катышуучулардын бири өз ара аракеттенүүнүн башка катышуучуларынын аткаруусу үчүн милдеттүү болгон чечимдерди кабыл ала алса же дайындарды иштеп чыгуу жөнүндө талаптарды коё алса, өз ара аракеттенүү ачык болуп саналат. Ачык өз ара аракеттенүүнүн тартиби, анын ичинде ачык өз ара аракеттенүүнүн жүрүшүндө дайындарды иштеп чыгуунун тартиби мындай ачык өз ара аракеттенүү каралган мыйзамда аныкталат.

4. Өз ара аракеттенүү төмөнкүдөй учурларда жекече-ачык болуп саналат:

1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдарына ылайык мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү жүзөгө ашырууда;

2) Улуттук экотутумга катышууда;

3) ушул Кодекстин 189-беренесинин 6-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларда телекоммуникациялардын операторлорунун өздөрүнүн телекоммуникациялык тарамдарын пайдалануу менен монополияга каршы мыйзамдарга ылайык үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субъект деп таанылган телекоммуникациялардын оператору менен өз ара аракеттенүүсүндө (мындан ары - тарамдар аралык кошулуу);

4) ушул Кодекске ылайык өзгөчө шарттарда телекоммуникациялык сервистерди берүүдө.

5. Ушул берененин 3 жана 4-бөлүктөрүндө көрсөтүлбөгөн учурларда өз ара аракеттенүү, анын ичинде монополияга каршы мыйзамдарга ылайык үстөмдүк кылуучу абалды ээлеген чарбакер субъект катары таанылган телекоммуникациялардын операторлорунун катышуусуз тарамдар аралык кошулуу жекече болуп саналат. Жекече өз ара аракеттенүү санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттеринин ортосундагы макулдашуулардын негизинде жүзөгө ашырылат.

6. Жекече-ачык өз ара аракеттенүү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдардын жоболорун (мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү жүзөгө ашырууда өз ара аракеттенүү үчүн) жана санарип чөйрөсүндөгү мамилелердин тиешелүү чөйрөлөрүндө өз ара аракеттенүү жөнүндө ушул Кодекстин главаларынын жоболорун эске алуу менен Кодекстин ушул главасында белгиленген тартипте түзүлүүчү макулдашуунун негизинде жүзөгө ашырылат.

7. Өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын ортосундагы товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр, интеллектуалдык менчик же санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объекттери боюнча бүтүмдөр жарандык мыйзамдарга ылайык жасалат. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, фонддор жана мамлекеттик каражаттардын, мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каражаттарынын эсебинен түзүлгөн юридикалык жактардын (өз ара аракеттенүүнүн ачык катышуучуларынын) сатып алууларын жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен жөнгө салынат.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-20)
