# 188-берене. Виртуалдык операторлордун жана телекоммуникация операторлорунун өз ара аракеттенүүсү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 22-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-188>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-188.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 188-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-188

---

1. Виртуалдык операторлордун телекоммуникациялардын операторлору менен өз ара аракеттенүүсү төмөнкүлөр каралган макулдашуунун негизинде жүзөгө ашырылат:

1) телекоммуникациялардын операторунун телекоммуникациялык тарамын пайдаланууга виртуалдык оператордун укугу;

2) телекоммуникациялардын операторунун виртуалдык оператордун пайдалануучулары менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби;

3) виртуалдык оператордун пайдалануу макулдашуусунун шарттарына карата талаптар;

4) телекоммуникациялардын операторунун телекоммуникациялык тарамдарын пайдалануу менен виртуалдык оператордун укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби;

5) телекоммуникациялык сервистердин көлөмүн эсепке алуунун жана алар үчүн эсептешүүлөрдүн тартиби;

6) өз ара аракеттенүүнүн жүрүшүндө тараптардын ортосунда жоопкерчиликти бөлүштүрүү;

7) макулдашууну токтотуунун негиздери жана натыйжалары.

2. Ушул беренеге ылайык макулдашуу түзүлгөндөн кийин тараптар анын көчүрмөсүн телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусуна мындай макулдашуу түзүлгөн күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен берет.

---

Мурунку берене: [187-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-187)  
Кийинки берене: [189-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-189)
