# 185-берене. Мобилдик түзүлмөлөрдү идентификациялоонун санариптик технологиялык тутумдары менен өз ара аракеттенүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 22-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-185>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-185.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 185-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-185

---

1. Кыргыз Республикасынын телекоммуникациялардын операторлорунун тарамдарында сервистерди алуу үчүн пайдаланылуучу мобилдик түзүлмөлөр мобилдик түзүлмөлөрдү идентификациялоонун мамлекеттик санариптик технологиялык тутумунда милдеттүү түрдө катталууга тийиш.

2. Телекоммуникациялардын операторлору катталган мобилдик түзүлмөлөргө телекоммуникациялык сервистерди берүүгө милдеттүү.

3. Мобилдик түзүлмөлөрдү идентификациялоонун мамлекеттик санариптик технологиялык тутумунун иштөөсүнүн, алардын телекоммуникациялардын операторлору менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби, мобилдик түзүлмөлөрдү каттоонун тартиби, катталбаган мобилдик түзүлмөлөрдү тейлөөгө чектөөлөрдү киргизүүнүн мөөнөттөрү Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [184-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-184)  
Кийинки берене: [186-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-186)
